Ысык-Көлдө 11-класстын окуучусу асынып каза болду

Кырсык Загрузка... 19 Февраль 2025 12:19
214653-image.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon www

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы мектепте окуучу кыз өз жанын кыйды.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул окуя 5-февралда болгон. 17 жашар кызды дене тарбия мугалими көрүп калып, Жети-Өгүз райондук ооруканасына жеткиришкен, андан кийин Бишкектеги бейтапканага которушкан. Тилекке каршы, өспүрүм 14-февралда каза болгон.

Бул окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.