Ысык-Көл суусунун деңгээли 14 метрге төмөндөдү

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 13:44
IMG_0709.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайдын жыйынында Ысык-Көлдүн абалына көңүл буруп, анын уникалдуу жаратылыш объектиси жана аймактын маанилүү экосистемасы катары баалуулугун баса белгиледи.

Анын айтымында, 1854-жылдан бери көлдүн суусунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөп, суунун жалпы көлөмү болжол менен 85 млрд куб метрди түзөт. Бул убакыттын ичинде көлгө куйган дарыялардын саны үч эседен ашык кыскарган: эгерде 1950-1960-жылдары Ысык-Көлгө 100-110дой дарыя куйса, учурда алардын 30-35и гана калган.

Президент мындай тенденциянын сакталып калышы аймак үчүн олуттуу экологиялык жана социалдык-экономикалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

"Өкмөт кырдаалды турукташтыруу үчүн зарыл чараларды көрүүдө: көлгө куйган суулардын көлөмү көбөйтүлүп, жаңы каналдарды жана гидротехникалык курулмаларды куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатат", — деп билдирди Садыр Жапаров.

Ал бул чаралар Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоого, калктын жашоо-турмушун жана аймактын туризм тармагын коргоого багытталганын баса белгиледи.