Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Ысык-Атадагы мыйзамсыз таштанды жайы иретке келтирилип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө чара көрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү адистер Ысык-Ата районундагы Нурманбетов айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мыйзамсыз таштанды төгүүчү жайга мониторинг жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган жайда таштандылардын өрттөнүү учурлары аныкталган. Мындай көрүнүштөрдүн натыйжасында атмосферага парник газдары бөлүнүп чыгып, айлана-чөйрөгө жана калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизүү коркунучу жаралган.
Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жооптуу өкүлдөрүнө тиешелүү көрсөтмөлөр берилип, административдик чаралар көрүлдү.
Министрликтин адистери тарабынан мыйзамсыз таштанды төгүүчү жайды тазалоо жана аймакты санитардык талаптарга ылайык келтирүү боюнча эскертмелер берилген.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган аймак катуу тиричилик калдыктарынан тазаланып, таштанды төгүүчү жайдын айланасы иретке келтирилди.