Бишкек, 27.11.26. /Кабар/. Жыргалаңдагы "Ала-Тоо Резорттун" ачылышына карата жарандардын жана жол кыймылынын коопсуздугун ички иштер органдарынын 3 миң кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Мекеме курортко баруучуларды сак болууга, тоолуу жолдун өзгөчөлүктөрүн эске алууга жана мүмкүнчүлүгүнө жараша уюштурулган трансфер кызматын колдонууга чакырат.
Ошондой эле сапарды уюштуруу боюнча сунуштарды алууда этияттык талап кылынат.