Бишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык байланышты кеңейтет

Коом
Бишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык байланышты кеңейтет
Бишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык байланышты кеңейтет
Алдыга
Артка
Бишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык байланышты кеңейтет
Бишкек менен Тбилиси муниципалитеттер аралык байланышты кеңейтет
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 27.11.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Грузиянын элчиси Леван Диасамидзе менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек жана Тбилиси шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Бишкек шаарынын мэри Леван Диасамидзени элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, достук мамилелерди чыңдоого, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана муниципалитеттер аралык түз байланыштарды кеңейтүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Грузиянын элчиси жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек шаары менен кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Ошондой эле ал муниципалитеттер аралык байланыштарды чыңдоонун, тажрыйба алмашуунун жана маданият, туризм, шаардык өнүгүү багыттарында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.