Көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылуу аземдерин жаңы стадиондо өткөрүү пландалууда – Байсалов

Спорт Загрузка... 24 Июль 2025 16:06
WhatsApp Image 2025-07-24 at 15.44.17.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылуу аземдерин Бишкектеги жаңы улуттук стадиондо өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин төрагасы Эдил Байсалов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жаңы стадиондун инфраструктурасы масштабдуу бул иш-чараны өткөрүүгө толук жооп берип, 50 миң көрүүчү баткан стадиондо өзгөчө салтанат менен өтөт.

Белгилей кетсек, Байсалов алдыдагы көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө бюджеттен мурдагы жылдарга караганда көп каражат бөлүү зарылдыгына токтолуп, бирок так сумманы атаган жок.

“Мен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө бөлүнө турган акчанын так суммасын айта албайм. Бюджетти өкмөт бекитет. Бирок, мамлекеттин быйыл, эмдиги жылы оюнду жогорку деңгээлде өткөргөнгө кеңири мүмкүнчүлүгү бар. Биздин, уюштуруу комитетинин милдети VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын мыкты уюштуруп өткөрүү. Иш-чараны өткөрүүнү билебиз, тажрыйбабыз бар. Өзүңөр күбө болгондой “Мейкин Азия” фестивалы да ийгиликтүү өттү”,- дейт Байсалов.

Ошондой эле уюштуруу комитетинин төрагасы көк бөрү менен көк пар оюнуна токтолуп, бул кыргыз менен казак элинин жалпы спорту, салты жана мурасы экенин айтты.

“Бул жерде эч качан көк бөрү же көк пар деп бөлүнүү болгон эмес. Менин оюмча биз бардык оюндун эрежелерин бир спорттун түрү катары киргизүүгө жетишебиз. Көчмөндөр оюнунда бардык учурларды эске алабыз анткени, спорт эки элди бириктирип, достугубузду чыңдашы керек”,- деди ал.