Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Мындай бийик-бийик үйлөрдүн салынып жатканына бүтүндөй кыргыз эли кубанып турабыз. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаарынын тургуну Батырбек Султанкулов "Мурас" турак жай комплексиндеги батирлерди тапшыруу аземинде билдирди.
Анын айтымында, аталган турак жай комплексинен анын уулу батирлүү болгон.
"Мына бүгүн жаштарыбыз, балдарыбыз үйлүү болуп кубанычтарын койнуна батпай жатат. Кыргыз эли мындай бийик-бийик кабат үйлөр салынып жатканына кубанычта болуп жатат. Ошол элдин арасында биз да барбыз. Уулубуз үйлүү болду. Дайыма ушул үйлөрдө бактылуу үй-бүлөлөр жашасын", - деди ал.
Ошондой эле Батырбек Султанкулов жарандарга батирлүү болууга шарт түзүп жаткан өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирип өттү.