Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлигин бекитишти.
Парламенттин жыйынында эл өкүлү Элдар Абакиров жаңы министрди өлкөдө туристтик жайларды көбөйтүүгө жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
"Бизде Бурана тарыхый комплекси бар. Бул комплексти туристтик объект катары таанытуу зарыл. Анын айланасына Диснейленд сыяктуу этно стилдеги эс алуу жайын куруу боюнча долбоор иштелип чыкса, жакшы болмок. Президент дагы туристтик комплекс түзүү боюнча пландар бар экендигин айткан. Сиздин резюмеңизди карасам, финансист экенсиз. Менеджер катары сиз ушундай комплекс тургузсаңыз жакшы болот эле. Ал өлкөдөгү кирешелүү туристтик жайлардын бирине айланмак",- деди ал.
Депутат жаңы министр бул комплексти курдурса, тарыхта калаарын белгиледи.
Абакиров кошумчалагандай, акимчилик тарабынан жер тилкеси да бөлүнгөн.