Бишкек, 10.09.26 /Кабар/. Улуттук банк менен блокчейн технологиялары жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча адистешкен CertiK компаниясы кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, документ 9-сентябрда Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү Санжар Абдыгазиевдин CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунун алкагында түзүлдү.
Меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык жана блокчейн технологиялары, ошондой эле санариптик активдер жаатында тажрыйба алмашууга багытталган.
Тараптар санариптик активдердин жана блокчейн инфраструктурасынын коопсуздугу, тобокелдиктерди баалоо жана мониторинг жүргүзүү, комплаенс жана мыйзамсыз кирешелерди адалдоого, терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча кызматташууну көздөшөт.
Мындан тышкары, эл аралык тажрыйба жана эксперттик билим менен алмашуу, консультацияларды жана жумушчу жолугушууларды өткөрүү каралган.