Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Улуттук банк жарандарга заманбап санарип технологияларды колдонгон финансылык алдамчылыктын жаңы схемасы тууралуу эскертет.
Маалыматка караганда, телефондук алдамчылар жаңы ыкмаларды колдонуп, жарандардын ишенимине киришүүдө.
Алдамчылар алгач жарандарга тууганы же досунун атынан кол коюлган, ошондой эле анын фотосүрөттөрү менен тастыкталган аккаунттан телефон чалуу же билдирүү жиберет.
Андан кийин болжолдуу таанышынан коркунучтуу кабар алат (банктагы акча коркунучта, кредит берилип кеткен жана башка).
Анын артынан белгисиз адам чалып, өзүн укук коргоо органынын же Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, "коопсуз" эсепке акча которууну сунуштайт.
"Ушуга байланыштуу Улуттук банк мындай чалууларга ишенбөөгө жана дайыма сак болууга чакырат. Маалыматтарды расмий булактардан текшерип, эч качан жеке маалыматтарды же банк картасынын реквизиттерди үчүнчү жактарга бербеңиз.
Алдамчылардын бирден бир максаты - сиздин ишенимиңизге кирип, акчаңызга ээлик кылуу! Андыктан, өзүңүздү алдоого жол бербеңиз!", - деп айтылат маалыматта.