Улуттук банк 2024-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетти - Тургунбаев

Экономика 25 февраль 2025 11:38
Улуттук банк 2024-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетти - Тургунбаев
copyright icon Улуттук банктын басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Улуттук банк 2024-жылы эл аралык резервдер, активдер жана кирешелер боюнча рекорддук көрсөткүчкө жетти, - деди төрага Мелис Тургунбаев Бишкекте өткөн брифингде.

Анын маалыматына караганда, рекорддук көрсөткүчтөр төмөнкүдөй көрсөткүчкө жетти:

  • эл аралык резерви 5,1 млрд доллар (2023-жылы - 3,2 млрд доллар);
  • активдери 550,1 млрд сомго (2023-жылы бул көрсөткүч — 446,1 млрд сомду түзгөн);
  • кирешеси 45,7 млрд сомду (2023-жылы — 12,4 млрд сом) түздү.