Улан Ниязбеков Дубай полициясынын жетекчилиги менен жолугушту

Коом Загрузка... 19 Февраль 2025 17:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Күн мурун ички иштер министри Улан Ниязбеков Дубай полициясынын башчылары менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу министр Ниязбековдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын далили катары туризм, окутуу, социалдык-маанилүү иш – чараларды өткөрүү чөйрөсүндө жана ошону менен бирге, мамлекеттерибиздин өз ара мамилелерин өнүктүрүү жана бекемдөө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн – коопсуздуктун ишенимдүү жана натыйжалуу механизми зарыл экени айтылды.

Мындан тышкары, ааламдашуу, инновациялык технологиялардын динамикалуу өнүгүшү жана дүйнөдөгү туруктуу өзгөрүүлөр шартында биздин өлкөлөр заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жол бербөө максатында, эл аралык деңгээлде активдүү өз ара аракеттенүүнү да талап кылынаарын ошондой эле тараптар укук коргоо органдарынын ортосундагы достук, көп кырдуу кызматташууну баса белгилеп, эки мамлекеттин жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыгында мындан ары да чыңдала берерине ишеним билдиришти. 

Жолугушуунун соңунда Улан Ниязбеков жетекчиликти келе жаткан ыйык Рамазан айы менен куттуктады.