Маматканов: Маданиятсыз эл болбойт, өз маданиятыбызды сакташыбыз керек

Коом Загрузка... 03 Июнь 2026 18:02
WhatsApp Image 2026-06-03 at 15.32.43 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Маданиятсыз эл болбойт, биз өз маданиятыбызды өзүбүз сактап калышыбыз керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында “Кабар подкастта” билдирди.

Анын айтымында, бизге башка жактын маданиятын таңуулаган учурлар болгон. Бирок, азыр Маданият министрлиги тарабынан бул жаатта чечкиндүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.

“Маданият тармагы акыркы жылдары жакшы багытка өзгөрө баштады. Атап айтсак, маданият кызматкерлеринин айлык-маянасы жогорулап, театр, маданият үйлөрү курулуп, оңдолууда. Анткени буга чейин биздин театрлар жана маданият үйлөрү каралбай калып кеткен. Бүгүнкү күндө мугалим, дарыгер жана маданият кызматкерлеринин турак жай маселеси чечилген", - деди минкаб төрагасынын орун басары.

Ал ошондой эле акыркы жылдары жакшы мюзиклдер тартууланып, кино жаатында да жакшы өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи.

“Мисалы, биз Алайда жана Кара-Кулжада “Маданий борбор” деп бир имараттын ичинде кинотеатр, китепкана, компьютер залы иштеген борборлорду ачтык. Мында келген жарандар каалаган багытында убакыт өткөрсө болот. Азыр башка райондорго да ушундай борборлорду ачуу талабы коюлду”,- деди ал.