Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын башчысы – ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу райондук соттон “Кабар” агенттигине кабарлашты.
Маалыматка ылайык, УКМКнын кызматкери Тилек Абдыкалыков Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (“Коррупция”) кылмышты жасоого айыпталууда.
Аны райондук сот 15-апрелге чейин камакка алды.