Турсунбек Бейшенбеков Соода-өнөр жай палатасынын президентинин кеңешчиси болду

Кадрлар жана дайындоолор 22 апрель 2026 17:25
Турсунбек Бейшенбеков Соода-өнөр жай палатасынын президентинин кеңешчиси болду

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Турсунбек Бейшенбеков Соода-өнөр жай палатасынын президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу палатадан билдиришти.

Буга чейин Бейшенбеков "Учкун" ААКнын башкы директорунун орун басары, ошондой эле "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКнын Талас облусундагы филиалынын директору кызматтарын аркалаган.