Турмуштук оор кырдаалдагы балдардын жайкы эс алуусуна канча каражат бөлүнөт?

Коом Загрузка... 08 Июнь 2026 14:50
WhatsApp Image 2026-06-08 at 12.08.46.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.06.26 /Кабар/. Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга жыл сайын 15 млн сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Гүлмира Окоева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жайкы эс алуу июнь – август айларында уюштурулуп, балдардын тизмесин жылына министрлик менен аймактык башкармалыктар биргеликте түзүшөт.

“Жыл сайын турмуштук оор кырдаалда турган балдардын жайкы эс алуусу боюнча тиешелүү тескемени ишке ашыруу максатында министрлик балдарды эс алууга жиберүү иштерин жүргүзөт. Быйыл да июнь – август айларында балдардын ден соолугун чыңдоо максатында Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборго жөнөтүлөт. Бул борборго турмуштун оор кырдаалында турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, майыптыгы бар балдар, жетим балдар, камкордукка алынган жана багып алуучу үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдар барат. Министрлик менен аймактык башкармалыктар тизмени ыңгайлаштырып биргеликте түзүшөт. Мисалы, жылына бардык балдар эс алсын деген максатта быйыл барган балдар кийинки жылы барышпайт. Анткени, кезек да, каалоочулар да абдан көп. Жайкы эс алууда аталган борбордо балдар үчүн ар кандай ийримдер уюштурулган”,- деди министрликтин өкүлү.

Белгилей кетсек, эс алууда ар бир 10 балага бирден социалдык кызматкер бекитилет. Ал эми майыптыгы бар балдарды ата-энелери коштоп жүрүүгө болот.

“Эс алуу борборлорунда майыптыгы бар балдарга пандустар сыяктуу бардык шарттар каралган. Өлкө аймактарынан келген ар бир 10 балага бирден социалдык кызматкер бекитилет. Андан тышкары, майып балдарды ата-энелери коштоп жүргөнгө укугу бар. Коштогон ата-энелердин, социалдык кызматкерлердин чыгымдары ошол бөлүнгөн 15 млн сомдун ичине кирет. Алдыда, 10-июнь күнү эс алууга биринчи топ балдар кеткени турат. Балдардын коопсуздук маселесине да өзгөчө көңүл бурулган”,- деди Окоева. Өткөн жылы эс алууда бир бала төлөм миң сом болсо, быйыл 1 миң 500 сом болуп жогорулаганы кошумчаланды.