“Кабар” маалымат агенттигине серепчилер ЖМК жана интернет айдыңындагы терс маалыматтардын ашыкча болушу Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө кандай жолтоо болуп жатканын айтып беришти.
Туризм өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыгы деп жарыяланып, бул тууралуу президент Садыр Жапаров байма-бай айтып келет. Ошол эле маалда эксперттердин пикиринде, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда терс кабарлардын таралышы Кыргызстандын ичинде эле калып калбастан, бул маалымат эл аралык деңгээлге тез жайылып, чет элдик туристтерди чочутуп, өлкөнүн беделине доо кетирүүдө. Серепчилер белгилегендей, туризмди өнүктүрүүдө инфраструктураны өнүктүрүү жана жаңы каттамдарды сунуштоо гана эмес, Кыргызстан коопсуз жана жагымдуу өлкө катары кабыл алынышы үчүн маалымат фонунда иштөө маанилүү.

Туризм боюнча эксперт Азамат Жаманкуловдун айтымында, терс маалымат пайда болгондо ал өлкө ичинде эле калбастан, аны эл аралык маалымат булактары алып, ар кайсы тилдерге которулуп, бүткүл дүйнөгө тарайт. Мунун баары туризмге түздөн-түз таасирин тийгизет. Азыр туристтердин 65%ы интернет аркылуу тигил же бул өлкөгө барууну чечишет, алар ал жактагы маалыматты изилдеп, талдап чыгышат. Ал эми кайсы бир өлкө тууралуу терс жаңылыктар көп чыкса, анда туристте “ал жакка барганга болобу?" деген суроо жаралышы мүмкүн. Маселен, жаңылыктарда жол кырсыгы, адам өлтүрүү, зордуктоо, тоноо фактылары көп айтылса, туристтер өздөрүнүн коопсуздугуна тынчсыздана баштайт.

"Албетте, мындай жаңылыктарды толугу менен жашырып коюу мүмкүн эмес, бирок маалымат агенттиктери менен ЖМКлар арасында айтылбай калган эреже бар, мындай материалдар көбүнчө жаңылыктар түрмөгүнүн төмөн жагында, кичирээк форматта жайгаштырылат. Бизде тескерисинче, мындай жаңылыктар эң көп окулуп, чоң резонанс жаратат жана кызуу талкууга алынат. Ошондуктан аларды эң алдыңкы көп окула турган материалдардын бештигинин катарына жайгаштырышат. Мында этият болуу жана материалдарга кылдат мамиле жасоо зарыл”, - дейт Жаманкулов.

Мындан тышкары, ал баса белгилегендей, өлкөдө туристтерди тартуу боюнча оң өзгөрүүлөр болуп жатат, инфраструктураларды куруу боюнча иштер жүрүүдө. Президент бир нече ири долбоорлорду атагандан бери акырындап инвесторлор келе баштады. Позитивдүү динамика пайда болууда, Ысык-Көлдө жаңы беш жылдыздуу мейманканалар, тоо-лыжа базалары курулуп жатат, жалпысынан абал жакшырууда.
Ошондой эле туризм боюнча эксперт Күлчоро Кадыралиев кесепеттерди жоюу менен чектелбестен, көйгөйлөрдүн келип чыгуу себептеринин үстүндө иштөө маанилүү экенин айтып өттү.
“Албетте, баарыбыз терс маалыматтарды ашыкча жайылтуудан карманып турушубуз зарыл. Бул өлкөнүн аброюна зыян алып келери чын. Бирок биз комплекстүү мамиле кылбасак, мындай жагдайлар кайра-кайра кайталанышы мүмкүн. Болгон маселенин баарына көз жумуп, туризм өзүнөн-өзү калыбына келет деп күтүүгө болбойт. Биз жергиликтүү калк менен иштеп, инфраструктураны өнүктүрүп, идеологияны бекемдеп, эл менен диалог түзүп, туристтик программаларды түшүндүрүүбүз кажет. Мисалы, жол кыймылынын эрежелерин сактоо, этият айдоо жөнүндө да айтуу маанилүү. Бул үчүн комплекстүү иш-чаралар керек. Эгер себептер менен иштебесек, кесепеттер кайра кайталанышы мүмкүн. Маселени кесепеттер менен эмес, себептер менен чечишибиз шарт”, — деди Кадыралиев.

Ошондой эле эксперт Күлчоро Кадыралиев кошумчалагандай, COVID-19 пандемиясынан улам төмөндөгөн туризмдеги көрсөткүчтөр, учурда ага чейинки деңгээлге кайтып келип, кайрадан өсө баштады. Бул көрүнүш, албетте, Кыргызстанда эле эмес башка өлкөлөрдө да болгон.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстан оптималдуу деңгээлде өнүгүп жатат. Ал эми туризмдин өнүгүшүндөгү негизги фактор - бул саясий туруктуулук. Азыр өлкөдөгү бул жагдай жакшы. Туристтер келип жатат. Инфраструктура дагы акырындык менен өнүгүүдө. Биздин негизги потенциал — бул тоолуу туризм, трекинг жана маданий туризм. Дал ушул үч тармак биздин негизги артыкчылыгыбыз болуп эсептелет”, — деп түшүндүрдү Кадыралиев.
Медиаэксперт Кубан Абдымендин айтымында, терс маалыматтар канчалык көп болсо, алардын өлкөнүн беделине тийгизген таасири да ошончолук күчтүү болот. Айрыкча эгер өлкө өзүн туристтик багыт катары көрсөтүүгө аракет кылып жатса.

“Эгер биз өзүбүздүн күчтүү жана жакшы жактарыбызды көбүрөөк көрсөтсөк, анда башка мамлекеттерде өлкөбүз тууралуу оң пикирлер калыптанат. Ал эми тескерисинче, эгер терс жаңылыктарды өзүбүз эле ичтен жайылта берсек, анда бул мамлекеттик кызыкчылыктарга залакасын тийгизет. Ошондуктан эң оболу улуттук кызыкчылыктарды жана өлкөнүн беделин ойлоп, андан кийин гана зарыл болгон учурда, туура убакта, ошол маалыматты жарыялоону караш керек. Бул жалпы өлкө үчүн да, туризмдин өнүгүшү үчүн да пайдалуу болот”, — деп белгиледи Кубан Абдымен.