“Tunduk” тиркемесиндеги унааны онлайн кайра каттоо функциясы кайрадан жеткиликтүү

Коом Загрузка... 30 Январь 2025
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. “Tunduk” мобилдик тиркемесиндеги унааларды онлайн кайра каттоо функциясы кайрадан жеткиликтүү болду. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Эске сала кетсек, долбоор буга чейин пилоттук режимде ишке киргизилип, натыйжалуулугун көрсөткөн.

Маалыматка ылайык, онлайн кайра каттоо үчүн унаа ээсине төмөнкүлөр керек:

- транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин каалаган аймактык бөлүмүндө текшерүүдөн өтүүгө (жарактуулук мөөнөтү 30 күн);

- айып пулдардын бар-жогун текшерүү (эгер аныкталса, аларды төлөө);

- эгерде менчик ээси никеде болсо, жубайынын макулдугун алуу;

- транспорт каражатында чектөөлөр жоктугун текшерүүгө.

Белгилей кетсе, бул кызмат унааларды (жеке адамдарды) кайра каттоо үчүн гана жеткиликтүү жана алгачкы каттоону камтыбайт.