Кыргызстандыктарды БАЭде жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Коом Загрузка... 30 Январь 2025 22:25
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Бириккен Араб Эмираттарынын Адам ресурстарын өнүктүрүү министринин орун басары Ахмад Аль Насер менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда эмгек миграциясы жана ишке орноштуруу жаатында эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Министр Сабиров эки өлкө үчүн маанилүү маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы бекем жана өз ара пайдалуу мамилелердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал белгилегендей, КР президентинин жетекчилиги алдында эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Министр биргелешкен ишке орноштуруу чөйрөсүндө кызматташууну күчөтүүнү, анын ичинде эки тараптуу келишим түзүүнү жана КР Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору аркылуу Бириккен Араб Эмираттарынын компаниялары менен кызматташууну сунуштады.

Мындан тышкары, БАЭде иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандары үчүн жергиликтүү эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келүүсү үчүн алдын ала окутуу жана квалификациясын жогорулатуу программаларын киргизүү демилгеси көтөрүлдү.

Өз кезегинде Ахмад Аль Насер БАЭ Казакстан, Түркия, Египет жана башка мамлекеттер менен активдүү кызматташарын, ошондой эле маданияты жактан жакындыгы бар коңшу өлкөлөргө жардам берүүгө даяр экенин белгиледи. Ал ошондой эле келерки жылы БАЭде Кыргызстан чакырыла турган эмгек рыногу боюнча саммит болорун айтып, бул жаатта мындан ары кызматташууга даяр экенин билдирип, жүргүзүлүп жаткан саясат ачык-айкын жана жеткиликтүү экенин баса белгиледи.

Жетекчилер эмгек рыногунда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, онлайн-платформаларды киргизүү жана миграция боюнча иштер улантыларын жана күчөтүлөрүн ырасташты.