Кыргызстанда Worldskills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин II чемпионаты башталды

Коом 30 январь 2025 22:36
475769254_1042142447959499_1373910210640030889_n.jpg
475173074_1042142444626166_6780959740068665868_n.jpg
475421455_1042142677959476_6255772015712007000_n.jpg
475472644_1042142674626143_1491425029998761326_n.jpg
475635936_1042142441292833_7547330268960640580_n.jpg
475654428_1042142671292810_8317366813995310154_n.jpg
475753006_1042143214626089_5673216346185664576_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болгон WorldSkills Kyrgyzstan-2025 экинчи улуттук чемпионатынын расмий ачылышы болду.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, иш-чара эл аралык WORLDSKILLS кыймылынын алкагында өтүүдө.

Чемпионаттын ачылышына билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, эмгек министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев, экономика министринин орун басары Чоро Сейитов жана WORLDSKILLS коомдук фондунун негиздөөчүсү Куван Жусуев катышты.

Экинчи улуттук чемпионат 18 жаштан 22 жашка чейинки курактагы жаш адистерге жана студенттерге үч негизги багыт: "ширетүү технологиясы"," ашпозчулук" жана "мода технологиясы" боюнча кесиптик чеберчилигин көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстан 2023-жылы WorldSkills International улуттук чемпионатынын мүчөсү болгон, ал эми 2024-жылы Францияда өткөн эл аралык мелдештерде биринчи улуттук чемпионаттын жеңүүчүлөрү өлкөнүн атын чыгарышкан. Мындай иш-чараларга катышуу тажрыйба алмашууга жана өлкөдөгү кесиптик билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга жардам берет.

WorldSkills International 89 өлкөнү бириктирип, IT, курулуш, ашпозчулук жана моданы камтыган 60тан ашуун адистиктер боюнча чемпионаттарды өткөрөт.

Чемпионатты Билим берүү министрлиги WorldSkills коомдук фонду менен биргеликте уюштурду.