ӨКМ 10 айда 428 адамдын өмүрүн сактады

Коом
ӨКМ 10 айда 428 адамдын өмүрүн сактады
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 21.11.26 /Кабар/. Быйылкы жылдын 10 айында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жарандардан жалпы 2 млн 795 миң 161 кайрылуу түштү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, ушул мезгил аралыгында ӨКМдин куткаруучулары 428 адамдын өмүрүн сактап калышты.

Алардын ичинде:

  • жол кырсыгынан жабыркаган 113 адам;
  • сууга чөгүп бара жаткан 14 адам;
  • тоодогу кырсыктардан жабыркаган 4 адам;
  • өрттөн 5 адам бар.

Мындан тышкары, медицина кызматкерлери келгенге чейин 731 жаранга биринчи жардам көрсөтүлгөн.

Ошондой эле министрликтин 10 айда аткарган негизги иштери белгиленди:

  • Суу объектилерин тазалоо: Ысык-Көлдүн, Соң-Көлдүн жана Токтогул суу сактагычынын түбү тазаланып, 202 гектарга жакын аянттан 25 тонна таштанды жана 156 чакырымдан ашык балык уулоочу тор чыгарылды.
  • Сел жана суу ташкындарынан коргоо: Мурун курулган дамбалар, бекемделген арыктар жана каналдар 72 тилкеде өз натыйжасын берип, миңдеген жарандардын үйүн, мүлкүн жана жолдорун зыяндан сактап калды.
  • Көпүрөлөрдүн курулушу: Ак-Суу жана Түп райондорундагы Сары-Жаз дарыясына салынган көпүрөлөрдүн курулушу аяктап, 90го жакын чабандын жайлоого коопсуз өтүүсүнө жана 180 миң гектардан ашык жайытты өздөштүрүүгө шарт түзүлдү.
  • Уулуу калдыктарды зыянсыздандыруу: Өлкөдөгү 60 кооптуу объекттин 34үндө тазалоо иштери жүрүп, 25 объекттеги иштер толук аяктады.

Мындан тышкары, жыл башынан бери калкка 69 жолу шашылыш эскертүү берилген.