Медербек Сатыев: Сот системасында коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбейт

Коом 823 30 Январь 2025 23:38
474755890_962466072729426_8834911787118914140_n.jpg
474761086_962466062729427_207200848709737515_n.jpg
474775203_962466026062764_4893183984382502464_n.jpg
474777111_962466146062752_5234230466896047348_n.jpg
475023446_962466022729431_8729179928544809011_n.jpg
475242446_962466216062745_5846445290589776206_n.jpg
475244004_962466189396081_1535505848466893150_n.jpg
Алдыга
Артка
474755890_962466072729426_8834911787118914140_n.jpg
474761086_962466062729427_207200848709737515_n.jpg
474775203_962466026062764_4893183984382502464_n.jpg
474777111_962466146062752_5234230466896047348_n.jpg
475023446_962466022729431_8729179928544809011_n.jpg
475242446_962466216062745_5846445290589776206_n.jpg
475244004_962466189396081_1535505848466893150_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку соттун басма сөз кызматы

Бишкек, 30.01.25. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгү менен таанышууда. Бүгүн ал Чүй облусунун административдик сотуна барып, кеңешме өткөрдү.

Жогорку соттон билдиришкендей, кеңешмеде административдик соттун төрагасы Таалайбек Даркимбаев соттун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформанын негизинде судьялардын жүктөмү көбөйүп, ошондой эле имараттын абалына жана жумушчу кабинеттердин жетишсиздигине байланыштуу көйгөйлөргө көңүл бурулгандыгы белгиленди.

Жогорку соттун төрагасы иштерди кароодо белгиленген мөөнөттөрдүн бузулушуна жол бербөөнү, анын ичинде жер тилкелерин камакка алууга, талаштуу жерлерге жана башка ушул сыяктуу иштерге байланыштуу маселелерди өз убагында кароону тапшырды.

Белгилүү болгондой, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам мурда жеке колго өткөрүлгөн участокторду жана жерлерди мамлекетке кайтаруу боюнча бир катар иштер соттордо каралып, чечимдер кабыл алынган.

Медербек Сатыев сот бийлигинин көз карандысыздыгы жөнүндө сөз кылып жатып, адилеттүүлүктү ишке ашырууга кандайдыр бир кийлигишүүгө жана сотторго кысым көрсөтүүгө таптакыр жол берилбестигин баса белгиледи. Мындай кырдаалдар пайда болгон учурда, тиешелүү чараларды көрүү үчүн дароо маалымдоо тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, Сатыев сот тутумунда коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбей турганын өзгөчө белгилеп, ар бир сот кызматкери мыйзамдын нормаларын так сактоого милдеттүү экенин эскертти.

Жыйналыштын соңунда ал Чүй облусунун административдик сотунун судьялары менен аппарат кызматкерлери жана Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлеринин иштөө шарттары менен таанышты.