Түштүк Кавказ жаңжал аймагынан тынчтык аймагына айланууда – Алиев

ШКУ 1 сентябрь 2026 18:33
Түштүк Кавказ жаңжал аймагынан тынчтык аймагына айланууда – Алиев
copyright icon WWW

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Түштүк Кавказ 30 жылдан ашык убакытка созулган Азербайжан менен Армениянын жаңжалы аяктагандан кийин көп жылдык чыр-чатактардын аймагынан тынчтык аймагына айланууда. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн “ШКУ плюс” форматындагы жолугушууда билдирди.

Алиевдин айтымында, бир жылдан бир аз көбүрөк убакыт мурун Азербайжан менен Армения 30 жылдан ашык убакытка созулган жаңжалга чекит коюп, тынчтык келишиминин текстин парафирлешкен.

“Муну менен Түштүк Кавказдын аймагы көп жылдык жаңжалдардан турган мурдагы аймактан тынчтык аймагына айланууда”, — деди ал.

Азербайжандын президенти 1993-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алган төрт резолюция 30 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин аткарылганын белгиледи. Ошол эле учурда, БУУ бул резолюциялардын аткарылышында эч кандай роль ойногон эмес.

“Азербайжан өзүнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн толугу менен өзү калыбына келтирди”, — деди ал.

Учурда аймактагы өлкөлөр кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча практикалык кадамдарды жасап жатышат. Азербайжан буга чейин Арменияга мунай заттарын жеткирип, үчүнчү өлкөлөрдүн жүктөрүнүн транзитин камсыздап жатат.

“Армения менен биргеликте өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, анын товардык түрлөрүн кеңейтүү жана жаңы жер үстүндөгү транспорттук байланыштарды түзүү боюнча иш алып барып жатабыз”, — деди Алиев.

Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын аткаруунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуунун зарылдыгын белгилеп, бул уюмдун аброюн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Ошондой эле Ильхам Алиев Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлганын эске салып, Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады. Сөзүнүн соңунда Азербайжан эл аралык маселелерди чечүүдө көп тараптуу мамилени колдоону улантарын билдирди.