Бул күндү төрт жыл күттүк – батирлүү болгон айым

14 октябрь 2026 17:15
copyright icon Кабар

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургуну Калмира Капар кызы Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алып кубанычка бөлөнүп турганын "Кабар" агенттигине билдирди.

Ал бул тууралуу “Мурас” турак жай комплексинин батирлерин тапшыруу аземинде айтты.

“Ипотекалык компаниядан батир алуу үчүн төрт жыл күттүк. Мындан төрт жыл мурун кезекке турганбыз. Бүгүн аябай бактылуубуз, кубанычыбыз койнубузга батпай турат”, — деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарындагы “Мурас” турак жай комплексинен 1104 үй-бүлө батирлүү болду. Батирлерди тапшыруу аземине президент Садыр Жапаров катышты.