Түрк тилдүү өлкөлөр анимациялык контентти өнүктүрүү келишимине кол койду

Маданият 12 Декабрь 2025 11:11
597663581_1157431083215313_2764861455457383917_n.jpg
594455231_1157431099881978_4623443012754273710_n.jpg
594418857_1157431213215300_5197818200232283123_n.jpg
595435463_1157431156548639_3495305673865784204_n.jpg
598109302_1157431176548637_509615023184037143_n.jpg
Алдыга
Артка
597663581_1157431083215313_2764861455457383917_n.jpg
594455231_1157431099881978_4623443012754273710_n.jpg
594418857_1157431213215300_5197818200232283123_n.jpg
595435463_1157431156548639_3495305673865784204_n.jpg
598109302_1157431176548637_509615023184037143_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. 7–10-декабрда Азербайжандын Баку шаарында “Baku Cinema Breeze” эл аралык кинофестивалына Кыргызстандан Кинематография департаменти, Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы, “Кыргызтасмасы” мамлекеттик мекемеси жана “Карек” балдар кино фондунун негиздөөчүлөрү ийгиликтүү катышып, бир катар маанилүү иш-чараларда активдүү иш алып барды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 8–9-декабрь күндөрү фестивалдын алкагында ORIENT MARKET кинорыногу өткөрүлүп, анда продюсердик компанияларга өз мүмкүнчүлүктөрүн, техникалык базасын, мурда ишке ашырылган долбоорлорун таанытуу жана жаңы тартылуучу жайлар менен таанышуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Кинорынок жаш жана жаңыдан ишмердүүлүгүн баштап жаткан кинематографисттер үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги адистер менен түз байланыш түзүүгө кызмат кылган ачык платформа боло алды.

Иш-чаранын жүрүшүндө биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү механизмдери боюнча панелдик талкуулар уюштурулду.

Ошондой эле Азербайжандын жергиликтүү кинобокс стриминг платформаларында кыргыз фильмдерин көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, 9-декабрда Креативдүү жума алкагында ТҮРКСОЙ уюмунун жана Түрк анимация ассоциациясынын (АТА) колдоосу менен түрк тилдүү өлкөлөрдүн анимация индустриясынын өкүлдөрү биргелешкен анимациялык контентти өнүктүрүүгө багытталган келишимге кол коюшту.

Келишим түрк тилдерин жана маданияттарын колдогон сапаттуу анимациялык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн бирдиктүү өз ара аракеттенүү системасын түзүү максатын көздөйт.

Тараптар балдар үчүн багытталган анимациялык контентти жыл сайын ири көлөмдө өндүрүү зарылдыгын белгилешти. Фестивалдын жүрүшүндө Айбек Дайырбеков Кыргызстандагы анимация тармагынын учурдагы абалы, басып өткөн этабы жана өнүгүү багыттары тууралуу атайын доклад жасады.

10-декабрда фестивалдын алкагында Баку шаарынын Низами кино борборунда “Кыргыз кино күндөрү” өткөрүлдү. Иш-чарада “Кыргызфильм” киностудиясы өндүргөн бир катар фильмдер көрүүчүлөргө сунушталып, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы маданий жана кесиптик байланыштарды чыңдоого салым кошту.

Маалымат үчүн: Baku Cinema Breeze - Азербайжандын борбору Баку шаарында өтүүчү эл аралык кинофестиваль болуп саналат. Фестиваль дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген фильмдерди, чыгармачылык жолугушууларды жана кино индустриясынын өкүлдөрүн бириктирген ири маданий платформа. Иш-чара Азербайжандын Маданият министрлигинин жана Азербайжан Кино агенттигинин колдоосу менен, Ислам Кызматташтык Уюмунун өнөктөштүгүндө уюштурулат.