Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп америкалык илимдин өнүгүүсүндөгү жаңы этап башталганын жарыялап, технология тармагындагы бир катар жетекчилерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу Казинформ билдирди.
Маалыматка ылайык, Трамп АКШнын Тынчтык институтунда “Илим: жаңы алтын доор” аттуу саммит өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Ак үйдүн илимий-техникалык саясат башкармалыгынын директору Майкл Крациостун катышуусунда Tesla жана SpaceX компанияларынын башкы директору Илон Маскка, Google компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сергей Бринге, Nvidia компаниясынын башкы директору Женсен Хуангга жана AMD компаниясынын жетекчиси Лиза Суго Улуттук илимий медаль тапшырылды.
Ал эми Microsoft компаниясынын башкы директору Сатья Наделла менен Dell Technologies компаниясынын негиздөөчүсү Майкл Делл технология жана инновациялар жаатындагы Улуттук медаль менен сыйланышты.
Трамп сыйлык ээлеринин илим менен технологиянын өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, аларды тарыхта кала турган инсандар деп атады. Саммитке OpenAI, Anthropic, Amazon Web Services, Crusoe, Emerald AI жана Micron Technology сыяктуу ири технологиялык компаниялардын өкүлдөрү да катышты.
Жолугушуунун негизги темаларынын бири илимий изилдөөлөрдү каржылоо болду. Жасалма интеллект тармагындагы америкалык компаниялар федералдык мекемелерге эсептөө кубаттуулуктарын жана илимий куралдарды алууга көмөктөшүү үчүн болжол менен 2,4 млрд доллар өлчөмүндө насыя бөлөрүн жарыялашты.