Токтогул шаарына жаңы мэр дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор
Токтогул шаарына жаңы мэр дайындалды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Өмүрканов Рамис Токтотемирович Токтогул шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу Токтогул райондук администрациясынан билдиришти.

Тиешелүү дайындоо райондук администрациянын башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлдү.

Рамис Өмүрканов буга чейин Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап келген.