Бишкек, 29.04.26. /Кабар/. Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдой тургандыгын билдирди.

Ал ошондой эле башка Африка мамлекеттерин да колдоого чакыра тургандыгын айтты.
“Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө койгон талапкерлигиңиздерди колдойбуз жана башка Африка мамлекеттерин да колдоого чакырам. Биз үчүн Кыргызстан дос жана бир тууган мамлекет. Биздин негизги багытыбыз урматтоо менен эки тараптуу өнөктөштүктү куруу. Кол коюлган эки тараптуу келишимдер ушул тармакта приоритеттерди жана стратегиялык кызыкчылыктарды коргоого багытталат.
Того Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтык мамиле курууда бул алгачкы сапар. Өлкөлөр географиялык жактан алыс жайгашса да, кызматташтык мамиле түзө ала тургандыгын көрсөтүп жатат. Бүгүнкү кол коюлган эки тараптуу келишимдер мамлекеттер ортосундагы өнөктөштүктүн пайдубалын түзөт”,- деди Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 23-сентябрында Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун билдирген.
Маалым болгондой, учурга чейин Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болгон эмес.