Беш департамент бир имаратта: “Түндүктүн” кызматкерлери заманбап кеңселүү болду

Коом Загрузка... 20 Май 2026 14:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. “Түндүк” ачык акционердик коомунун кызматкерлери жаңы кеңсе менен камсыз болду. Бул тууралуу ЖМК өкүлдөрүнө жаңы имаратты тааныштыруу учурунда белгилүү болду.

“Түндүк” ААК башкармалыгынын төрагасы Талант Аманов “Кабар” агенттигине маалымдагандай, ушул күнгө чейин ар башка имараттарда жайгашкан электрондук өз ара аракеттенүүнүн улуттук операторунун бардык беш департаменти бириктирилип, учурда бир имаратта иштеп жатат.

WhatsApp Image 2026-05-20 at 14.38.36.jpeg
“Түндүк” ААК мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн улуттук оператору президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөн соң, ишкананын бардык кызматкерлери үчүн кыска мөөнөттө жаңы кеңседе ыңгайлуу жумуш орундары камсыздалды. Компаниянын бардык беш департаменти бир имаратка жайгаштырылды. Экинчи кабатта жетекчиликтин кабинеттери жайгашкан, ал эми үчүнчү кабат open space форматында 150дөн ашуун жумуш ордун камтыган бирдиктүү ачык мейкиндик катары уюштурулган. Мурда департаменттер өз өзүнчө жайгашып, ыкчам байланыш жана долбоорлорду координациялоо кыйынчылыкка учураган”, — дейт Аманов.

Бир имаратка бириктирилген беш департамент төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:

  • “Түндүк” электрондук порталы;
  • Саламаттык сактоо;
  • Социалдык камсыздоо;
  • Сот системасы;
  • Башка министрликтерди санариптештирүү.

Мындан тышкары, жакын арада ишканага жаңы заманбап жабдуулар жеткирилери кабарланды.

“Жакында президенттин Иш башкармалыгы жаңы техникаларды — ноутбук, компьютер, эмерек жана кызматкерлердин толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон бардык каражаттарды жеткирип берет. Кеңсенин мындай форматта уюштурулушу ички байланышты тездетүүгө, командалык натыйжалуулукту жогорулатууга жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү үчүн технологиялык базаны бекемдөөгө багытталган. Ошону менен бирге, түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн алкагында кызматкерлердин бир дагы жумуш орду кыскарган жок, баары толук сакталды”, - деп баса белгиледи төрага.

Эске сала кетсек, “Түндүк” ААКсы Кыргызстандын мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүүнүн улуттук оператору болуп саналат. Ал мамлекеттик органдардын санариптик интеграциясын жана өлкөнүн миллиондогон жарандарына электрондук кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылат.