Бишкек, 25.11.26 /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү-Норуз айылында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагынын жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи өтүп жатат.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы жана депутаттары, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги жана башка расмий адамдар катышууда.
Жаңы мекеме ЖАМКнын мурдагы №50 мекемесинин аймагында жайгашкан. Комплекс 1,5 миң адамга ылайыкталган. Курулуштун жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзөт.
Курулушта заманбап нормалар, коопсуздук талаптары жана жаза аткаруу мекемесинин иш өзгөчөлүктөрү эске алынган. Комплекс видеокөзөмөлдүн, өрт сигнализациясынын жана өзгөчө кырдаалдар тууралуу кабарлоо системаларынын заманбап жабдуулары менен камсыздалган.
Мындан тышкары, 2 корпустан турган, жалпы 48 батирге ылайыкталган кызматкерлер үчүн турак жай комплекси курулган. Ошондой эле кызматкерлер үчүн спорт залы, ачык спорт аянтчасы жана кызматтык унаалар үчүн унаа токтотуучу жай каралган.
Белгилей кетсек, №21 тергөө абагын Бишкектен шаардын сыртына көчүрүү ЖАМКнын №10, №21, №23 жана №25 мекемелерин көчүрүү боюнча 2022-жылдын 31-мартында бекитилген Жол картасынын алкагында ишке ашырылууда. Мурдагы тергөө абагы борбор калаанын так ортосунда 1943-жылдан бери иштеп келген.
Жаңы мекеменин ачылышы Кыргызстандагы жаза аткаруу системасынын инфраструктурасын жаңылоо этаптарынын бири болуп саналат.