Төлөйкөндүк делегат Ак-Бууранын жээгин бекемдеп, тазалап берүүнү суранды

Элдик курултай Загрузка... 26 Декабрь 2025 10:44
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. IV Элдик курултайдын жүрүшүндө делегат Бакытбек Самиев Ош облусунун Төлөйкөн айылынын тургундарынын талаптарын айтты.

Ал Ак-Буура дарыясынын жээгин бекемдөө жана тазалоо маселеси курч турганын белгилеп, дарыя Оштун символу экенин, бирок каналдар аянычтуу абалда калганын билдирди.

Самиев ошондой эле ФАП жана бала бакчаларды куруу зарылдыгын маалымдады.
"Бала бакча куруу үчүн жер тилкеси бөлүнгөн, бирок каражат жоктугунан курулуш башталбай турат. Каржылоо маселесин чечип берүүнү суранабыз", - деди ал.

Делегат Кыргызстан айылындагы Мырзали көчөсүндө Коргоо министрлигинин объектиси жайгашканын, бирок жолдун бир дагы метрине асфальт басылбаганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, айылды газдаштыруу жана канализация системасын киргизүү маселелерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте IV Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат. Ага 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 700 делегаттын 690ну катышууда. Анын ичинен 146сы аялдар, 554ү эркектер.