Өткөн жылдын тогуз айында Кытай Кыргызстанга 221 млн доллар инвестиция салган - Малаев

Загрузка... 07 Февраль 2025 15:00
WhatsApp Image 2025-02-07 at 11.18.31.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын өлкө үчүн стратегиялык мааниси абдан чоң. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев “Ой ордо” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, президенттин Кытайга болгон биринчи иш сапарынан кийин, кыргыз-кытай экономикалык соода жүрүүсүндө чоң өзгөрүүлөр болду.

“Акыркы үч жылды алсак, Кытай менен соода жүгүртүүбүз үч эсеге өстү. Айтылып бирок аткарылбай келген бир нече инвестициялык долбоорлор ишке ашып жатат. Мисалы, 167 млн долларлык инвестициялык долбоорго кол коюлуп, бирок көптөн бери токтоп турган Жунда заводу боюнча иштер жүрүп баштады. Мындан сырткары, Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу боюнча иштер алдыга жылды. Нечендеген соода комплекстер курулуп жатат. Биргелешкен ишканалар ачылып жатат. Биринчи сапардан кийинки жыйынтык ушунчалык деңгээлге жеткен болсо, бул жолку сапардагы макулдашуулар, сүйлөшүүлөр биздин экономиканын келечеги үчүн абдан чоң мааниге ээ”,-деди ал.

Ал белгилегендей, өткөн жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Кытай Кыргызстанга 221 млн доллар тикелей инвестиция кылган.

“Келген инвестиция биздин жалпы экономикалык ар түрдүү секторлордо ийгиликтүү өз ордун таба алды”,-деди ал.