Тилек Текебаев Аксыдагы "Тегене" көмүр кенин модернизациялоо иши менен таанышты

Аймак 2020 17 Март 2025 21:25
484890431_1753892118811378_417104694963670896_n (1).jpg
484087731_1753892135478043_1341105572761671563_n.jpg
484095993_1753892202144703_8227634990012099597_n.jpg
484884847_1753892348811355_8595585893709075391_n.jpg
484928121_1753892255478031_3587675340284348233_n.jpg
485059767_1753892278811362_7585805224273268527_n.jpg
485133301_1753892322144691_4758961796089895198_n.jpg
485299637_1753892218811368_9145225054675376296_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек,17.03.25./Кабар/. Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Аксы районундагы "Тегене" көмүр кенине барды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аталган көмүр кендин ишмердүүлүгү 1989-жылдан бери токтоп турган. Учурда мекеменин жумушун жандантуу боюнча “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы кытайлык инвесторлор менен бирге 7 млн доллар өлчөмүндө модернизациялоо иштерин алып барууда.

Долбоорго ылайык, жумуштарды ушул жылдын соңуна чейин бүткөрүү пландалган. Алдыда карьерлеринде жаңы технологиялар менен көмүр казып алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Долбоордун алгачкы этабында 250 жумуш орду түзүлөт.

Облус башчысы Тилек Текебаев керектүү коопсуздук эрежелердин сакталышы, экологиялык талаптарды так аткаруу тапшырмасын берди. Ага катар кызматкерлерди жоопкерчиликтүү иш аткарууга чакырды.