Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Тесттеги тапшырмалар мектеп программасына дал келбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 12-мартта парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мектеп программасына тесттеги суроолорду дал келтирүү керек.
“Мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөө сынагын тапшырууда маани- маңызы таптакыр башка болуп жатат. 11 жыл окуп, экзаменге 2-3 ай калганда башка окуу борборлоруна барып, кайрадан даярдык көрүп, окуп убарагерчиликтин эмне кереги бар? Андан көрө мектеп программасына тесттеги суроолорду дал келтирүү керек”,-деди ал.