Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Акыркы жылдары дүйнөлүк саламаттык сактоо тармагында санариптештирүү системаны өзгөртүүнүн негизги багыттарынын бирине айланды. Бул тууралуу Азербайжандын саламаттык сактоо министри Теймур Мусаев Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, саламаттык сактоону санариптик трансформациялоо бирдиктүү медициналык экосистемаларды түзүүгө, ооруларды дарылоодон алардын алдын алууга өтүүгө жана жарандарга багытталган медициналык кызматтарды көрсөтүүгө шарт түзөт.
Мусаев Азербайжанда саламаттык сактоонун санариптик инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Анын маалыматына караганда, быйыл июнь айында өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги "Медициналык санариптик эгиз системасын" ишке киргизген. Ал жарандардын ден соолугу тууралуу маалыматтарды тиешелүү медициналык мекемелерде чогултууга жана аларды тоскоолдуксуз алмашууга багытталган.
"Ден соолук тууралуу маалыматтарды бирдиктүү маалыматтык чөйрөгө топтоо калктын ден соолугунун абалын комплекстүү талдоого жана коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдар учурунда борборлоштурулган башкаруу чечимдерин кабыл алууга мүмкүндүк берет", - деди ал.
Мусаев ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Азербайжандын саламаттык сактоо системасын санариптик трансформациялоо багытындагы жетишкендиктерине жогору баа бергенин белгиледи.