Таштандыдан энергия өндүрүүчү экозавод декабрда ишке берилет

Коом Загрузка... 13 Май 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.05.25. /Кабар/. Бишкек шаарында курулуп жаткан таштандыларды кайра иштетүүчү экотехнологиялык завод декабрь айларында ишке берилет. Ондогон жылдар мурун пландалып, бирок кагаз бетинде калып келген бул долбоор өлкөдө болуп жаткан ири реформаларды утурлай ишке ашырылууда. Учурда курулуш иштери активдүү жүрүп жаткан убагы. Мында таштандыдан арылуу менен катар кошумча электр энергиясы да өндүрүлөт. Ошондой эле бул завод Борбор Азия боюнча аналогу жок алгачкы ишкана болот.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, завод “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасынын аймагына курулууда. Жалпы аянты 12 гектар. Ал эми долбоордун жалпы инвестиция көлөмү болжол менен 95 миллион АКШ долларын түзөт. Ишкана борбор калаанын азыркы жана келечектеги таштандыны кайра иштетүү муктаждыктары толугу менен канааттандыра алат.

Анда план боюнча биринчи этапта күнүнө 1000 тонна таштанды жок кылынып, саатына 30 мегаватт, күнүнө 460 мегаватт, жылына 180 000 мегаватт электр энергиясы өндүрүлөт. Келечекте заводдун кубаттуулугун жогорулатуу аркылуу таштанды жок кылуу көлөмүн суткасына 3000 тоннага жеткирүү пландалууда.

Учурда таштандыларды жок кылууга арналган турбогенератор жана отказандар орнотулууда, бул иштер болжол менен май айында бүтөт. Ал эми, бетон куюу жумуштары 17-кабатка чейин, башкача айтканда 54 метрге чейин жетти.

Курулуш иштери календарлык графикке ылайык жүрүп жатат. Анда күн сайын саат 08:00дөн 22:00гө чейин 380 адам эмгектенип, түнкү нөөмөт да түзүлгөн. Заманбап технологиялар колдонулуп, таштандыларды жана жабдууларды ташууга ыңгайлуу болуш үчүн 1000 метрден ашык жол салынды.

Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында заводдун негизги аймагы алты зонага бөлүнөт: түшүрүү залы, таштанды чуңкуру, отказан, түтүндү тазалоо секциясы, турбина цехи жана гидротехникалык секция. Мындан тышкары административдик имарат, кеңсе аймагы, мор жана тараза сыяктуу кошумча объектилер дагы курулат.

11-майда президент Садыр Жапаров заводдун курулушу менен таанышып жатып, курулуш мөөнөтүн, аткарылган иштердин сапатын жана экологиялык коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгын белгилеген. Ошондой эле бул долбоорду жүзөгө ашыруу борбор калааны туруктуу өнүктүрүүгө жана шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болорун айтты.

Ал эми шаар мэри Айбек Жунушалиев учурда жабдуулар орнотулуп жаткандыгын, курулуш иштери 28-декабрга чейин уланып, биринчи чыгарылган электр энергиясы жалпы түйүнгө кошуларын белгилейт.

"Негизи бул экологияга байланышкан долбоор болгондуктан, Садыр Нуркожоевичтин эн негизги талабы дагы - сапатка, экологиялык талаптарга жана иштин мөөнөтүнө басым жасоо болду. Биздин башкы максатыбыз - заводду курулушун тезирээк бүтүп ишке киргизүү жана таштандыдан арылуу менен гана чектелбестен экологияны сактоо маселеси да бар.

Күндөн-күнгө полигондо орун азайып бара жатат. Бишкек шаары кеңейип, элинин саны өсүп, мындан улам таштандынын көлөмү да көбөйүүдө. Суткасына 850-1000 тоннага чейин таштанды чыгарылууда. Ошондуктан, заводдун суткалык кубаттуулугун 3000 миң тоннага чейин чыгаруу планы бар.

Негизи кытайлык компания менен келишим 30 жылдык убакытка түзүлдү. Бирок бизде жыл сайын заводдун ишмердүүлүгүнө, кирешесине, тарифтерге анализ жүргүзүп туруу мүмкүнчүлүгү бар. Болжолдуу түрдө 12-14 жылдын ичинде завод кирешеге чыгып баштайт”, – дейт шаар башчысы.

Белгилей кетсек, Кытай компаниясы заводду кургандан сырткары андан аркы ишмердүүлүгүн да улантат. Муну менен катар, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен беш адис учурда Кытайга окууга жиберилди. Мындан улам келечекте ишкананын көпчүлүк жумуш орундарында биздин жарандар болот