Ташкент, 07.02.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Бүгүн Борбордук Азиянын Эл аралык институту (IICA) "Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы: Түркмөнстандын глобалдык жана аймактык кызматташтыкка кошкон салымы" деген темада тегерек стол өткөрдү.
Жыйынды ачкан институттун директору Жавлон Вахабов Өзбекстан менен Түркмөнстандын, эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы ишенимдүү мамилелерге негизделген жигердүү стратегиялык өнөктөштүктү баса белгиледи.
Анын айтымында, эки тараптуу мамилелердин маанилүү өзгөчөлүгү эл аралык демилгелерди өз ара колдоо жана аймакты өнүктүрүү боюнча кызматташуу болуп саналат. "2024-жылдын октябрь айында Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган форумда сүйлөгөн сөзүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түркмөнстандын бейтараптык саясаты анын мамлекеттүүлүктү жана элдин бакубаттуулугун чыңдоодогу ийгилигинин негизи болуп калганын белгиледи", - деди Ж.Вахабов.
Түркмөнстандын Өзбекстандагы элчиси Шадурды Мередов өлкөнүн тынчтыкты, ишенимди жана өз ара сый-урматты чыңдоодогу ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын белгиледи. Ал аймактык коопсуздукту чыңдоо, дипломатиялык демилгелерди колдоо жана Борбор Азиянын туруктуулугу жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди баса белгиледи.
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Түркмөнстандын демилгеси тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого маанилүү салым кошуп жатканын белгиледи. Ал учурда күчөйүп жаткан туруксуздуктун жана чакырыктардын шартында өз ара түшүнүшүүгө жана кызыкчылыктарды сыйлоого негизделген тыгыз диалог жана кызматташтык гана коопсуздукту жана өнүгүүнү камсыздай турганын баса белгиледи. "Мындай кызматташтыктын айкын мисалы Борбордук Азия болуп саналат", - деди элчи.
Тегерек столдун катышуучулары Түркмөнстандын Борбор Азиядагы тынчтыкты жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымын белгилешти. БУУнун Башкы ассамблеясынын 2022-жылдын июлунда анын демилгеси менен кабыл алынган "Борбор Азиядагы тынчтык, ишеним жана кызматташтык зонасы" резолюциясы чоң мааниге экендиги айтылды.
Катышуучулар Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү саясий эркти көрсөтүп, тынчтыкты, ишенимди жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого, аймактын туруктуу жана гүлдөп өнүккөн келечеги үчүн бекем пайдубал түзүүгө олуттуу салым кошуп жатканын баса белгилешти.
Эскерте кетсек, Түркмөнстан тарабынан көтөрүлгөн Эл аралык Тынчтык жана ишеним жылын өткөрүү демилгеси БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан жактырылган. Тиешелүү резолюция 2024-жылдын март айында 86 мамлекеттин колдоосу менен кабыл алынган.