Бишкек, 16.02.25./Кабар/. Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн акын-жазуучуларынын жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Ч.Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форумунун вице-президенти Динара Жумабаева билдирди.
Эске сала кетсек, 1995-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовжун демилгеси жана Өзбекстандын биринчи президентинин колдоосу менен түзүлгөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн маданият ассамблеясы уникалдуу уюм болуп, аймактагы жазуучуларды, акындарды жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүн бириктирген тарыхый долбоор болгон.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Борбор Азия элдеринин маданият ассамблеясын жандандыруу маселеси өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Ташкентте ассамблеянын штаб-квартирасын түзүү негизги гуманитардык маселелерди талкуулоо үчүн аянтча түзүп, аймактагы маданий диалогду бекемдөө үчүн маанилүү кадам болмокчу. Мындан тышкары, бул кадам Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүктү сактоодогу лидерлигинин символу болуп, өлкөнүн эл аралык имиджин бекемдөөнүн кубаттуу куралы болмокчу
Ал белгиленгендей, "Ч.Айтматов атындагы эл аралык Ысык-Көл форуму" коомдук бирикмеси аталган интеллектуалдык аянтчаны кайра түзүү сунушу менен Кыргызстан жана Өзбекстандын башчыларына кайрылды.
"Бул демилгени колдоо региондун элдерин жакындатууга кызмат кылып, маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана биздин көп кылымдык жалпы тарыхыбыздын негизин түзгөн гуманизм баалуулуктарын илгерилетүү үчүн катализатор болуп берерине ишенем", - деди ал.
еллигенция өкүлдөрүн бириктирген тарыхый долбоор болуп калды.