Тарыхый окуя: 20 жана 50 сомдук банкноттор Кыргызстанда басылып чыкты

Экономика 11 сентябрь 2026 16:40
Тарыхый окуя: 20 жана 50 сомдук банкноттор Кыргызстанда басылып чыкты
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөө күнүндө өлкөнүн жаңы тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болду — эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттор өлкөнүн аймагында басылып чыкты.

Улуттук банктан билдиришкендей, Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Кыргызстан бара-бара көз карандысыз мамлекеттин негизги атрибуттарына — Конституцияга, мамлекеттик туусуна, гербине, гимнине жана улуттук валютасына ээ болгон.

"Мындан 30 жылдан ашуун убакыттан бери улуттук валюта өлкө аймагынан тышкары жерде басылып келген. Эми Кыргызстан бул стратегиялык процессти өз алдынча камсыз кылууга маанилүү кадам таштады", - деп айтылат маалыматта.

Президенттин тапшырмасын аткаруу максатында Улуттук банк акыркы мезгилдерде улуттук валютаны өлкө ичинде басып чыгарууну камсыз кылуу багытында пландуу жана ырааттуу иштерди жүргүзүп келди.

"Анын алгачкы маанилүү жыйынтыгы катары эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттордун өлкө аймагында басылып чыкканын белгилөөгө болот", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул тарыхый окуянын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына туш келиши өзгөчө мааниге ээ. Улуттук валютаны өлкө ичинде басып чыгаруу Кыргыз Республикасынын экономикалык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик көз карандысыздыгын бекемдөө жолундагы дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.