Тарых музейине алгачкы жолу ири масштабда жазылган “Улут деми - Уңгу жол” гобелени орнотулду

Коом Загрузка... 27 Декабрь 2025 15:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.12.25. /Кабар/. Бүгүн Улуттук тарых музейинде “Улут деми - Уңгу жол” аталган өлкөдө алгачкы жолу ири масштабда жазылган гобелендин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

WhatsApp Image 2025-12-27 at 12.35.13.jpeg

Маалымдалгандай, гобеленди жаратуу ушул жылдын январь айында башталып, дээрлик 10 айды талап кылган. Бул Кыргызстанда көп улуттуу коомдун биримдигин жана ынтымагын даңазалаган декоративдик колдонмо искусствонун монументалдык чыгармасы болуп саналат. Композицияда өлкөбүздүн тарыхы, бүгүнкү күндөгү турмушу жана келечекке болгон үмүтү өз ара жуурулушуп көркөм образ аркылуу чагылдырылган.

WhatsApp Image 2025-12-27 at 12.39.03.jpeg

Гобелендин автору КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Анара Искакова бул эмгекти аткаруучу топ менен биргеликте жаратышкан. Ошондой эле аталган гобеленди аткарууга КР эл сүрөтчүсү Кадыркул Орозматов өзүнүн зор салымын кошкон.

WhatsApp Image 2025-12-27 at 12.38.13.jpeg

Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов гобеленди орнотуу менен өлкөнүн маданий турмушунда өзгөчө мааниге ээ болгон тарыхый окуяга күбө болуп жаткандыгыбызды белгиледи.

WhatsApp Image 2025-12-27 at 12.36.51.jpeg

“Бул чыгарма монументалдык искусствонун бир символу. Бүгүн биз Кыргызстандын маданий турмушунда өзгөчө мааниге ээ болгон тарыхый окуяга күбө болуп турабыз. Бул гобелендин атын президент Садыр Жапаров “Улут деми - Уңгу жол” деп атап, IV Элдик курултайдын алкагында расмий бет ачары болду. Ал эми бүгүн Улуттук тарых музейинин эң ардактуу төрүнө илинүүдө. Бул чоң эмгекти жаратууга биздин ондогон чеберлерибиз катышып, иш 10 айга уланды. Гобеленди жаратууга маданиятка эмгек сиңирген ишмер Анара Искакова менен КР эл сүрөтчүсү Кадыркул Орозматов чоң эмгегин жумшашты”, - деди Байсалов.

WhatsApp Image 2025-12-27 at 12.36.14.jpeg

Белгилүү болгондой, кыргыз элинин басып өткөн жолун жана келечегин чагылдырган бул чыгарманын бийиктиги 3 м 30 см, туурасы 6 м 80 см түзөт.

Ошондой эле иш-чаранын соңунда гобелендин жаратуучулары улуттук маданиятты жайылтууга, искусство тармагын өнүктүрүүгө, руханий баалуулуктарды сактоого жана коомдук маданий иштерге кошкон зор салымдары үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамоталары жана эстелик белектери менен сыйланышты.

WhatsApp Image 2025-12-27 at 12.51.54.jpeg