Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районундагы Чымкент айылында 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулду. Бала бакча 140 балага ылайыкталып, алардын билим алуусу, тарбияланышы, эс алуусу жана күнүмдүк керектөөлөрү үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Имаратта балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, окуу-тарбия иштерин жүргүзүүгө, эс алууга жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө ылайыктуу жайлар уюштурулган.
Бүгүнкү күндө бала бакчанын курулуш иштери толугу менен аяктап, объектини пайдаланууга берүүгө даярдоо иштери жүрүп жатат.
Жаңы бала бакча Чымкент айылындагы мектепке чейинки билим берүү кызматтарына болгон муктаждыкты азайтып, балдар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.