Таластын башчысы: Элдик курултай дүйнөдө аналогу жок, маанилүү институт

Элдик курултай Загрузка... 26 Декабрь 2025 16:06
WhatsApp Image 2025-12-26 at 16.04.46.jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.12.25 /Кабар/. Элдик курултай дүйнөдө аналогу жок, өтө чоң жана маанилүү институт. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курултай бийлик менен элдин ортосунда түз диалог түзүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат.

“Эки күндөн бери президент Садыр Жапаров ар бир аймактын, айылдын тургундарынын маселесин түз угуп жатат. Бул жаңы доордогу демократиянын ачык үлгүсү деп айтууга болот. Курултай институту жыл сайын тажрыйба топтоп, деңгээли өсүп келе жатат. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык. Делегаттардын маданияты да кыйла жогорулады. Бири-бири менен урушпай, жарандык жоопкерчилик менен катышып жатышат.

Быйыл мурункудай жергиликтүү маселелер эмес, республика үчүн орчундуу көйгөйлөр көтөрүлдү. Алар чечиле баштады. Жергиликтүү бийлик да активдүү иш алып бара баштады”, - деп белгиледи облус башчы.