Бишкек, 26.11.26. /Кабар/. Талас облусунун Талас районундагы Кең-Кол айыл өкмөтүнүн тургуну Сайрагүл Шабданова 2019-жылдан бери “Алтын Балык” балык чарбасын жетектеп келет. Бул тууралуу ал Бишкек шаарында өтүп жаткан “Айыл чарбасындагы аялдар: жетишкендиктерден жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай” аттуу форумда “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлөлүк ишкерликти өнүктүрүп, учурда 20дан ашуун адамды жумуш менен камсыз кылууда. Алардын 95 пайызын аялдар түзөт.
Балык чарбасынан тышкары, ишканада балык даярдоочу кафе да бар. Учурда алар Талас облусунун тургундарын жаңы жана бышырылган балык менен камсыз кылып келишет.
“2019-жылы үй-бүлөм менен “Алтын Балык” форель чарбасын ачканбыз. Ошондон бери иштеп келе жатабыз. Жылдан жылга ишибиз жакшырып, жумуш орундарын түзүп жатабыз. Бүгүнкү форумга өкүлчүлүктүн чакыруусу менен келдим. Эмгегибиз бааланып, ушундай мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө абдан кубанычтамын”, — деди ал.
Ишкер айым ошондой эле балык продукциясын коңшу Казакстандын рыногуна чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.
“Талас Таразга жакын жайгашкандыктан, Казакстанга балык экспорттоого мүмкүнчүлүк бар. Эгер өкмөт тарабынан колдоо болуп, керектүү шарттар түзүлсө, биз да ошол рынокко чыгууну көздөп жатабыз”, — деп кошумчалады Сайрагүл Шабданова.