Таластан келген делегат оорукананын курулушун баштоону суранды

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 10:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УТРК

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Талас облусунан келген делегат Нурсултан Дүйшөнбиев УТРКнын түз эфиринде IV Элдик курултайга кандай маселелер менен келгенин айтты.

Анын айтымында, Таласта азыркыга чейин Калкты тейлөө борбору жок.

"Жарандар мамлекеттик кызматтарды "Кыргыз почтасы" ААКтын имаратында алууга мажбур. Көпчүлүк учурда имаратка элдер батпай, ыңгайсыздык жаралат", - деди ал.

5e18fe09-b1d3-424e-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мындан тышкары, делегат саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйдү дагы айтып өттү.

"2022-жылдан бери 300 орундуу жаңы заманбап облустук оорукананын курулушу пландалып, бирок ушул күнгө чейин курулуш иштери баштала элек", — деп белгиледи Дүйшөнбиев.

Эске салсак, бүгүн IV Элдик курултай өз ишин баштады. Анын ишине президент Садыр Жапаров катышат.

Иш-чара эки күнгө — 25 жана 26-декабрга созулат.