Кыргызстанда заманбап административдик имараттар жана техникалык базалар курулууда. Быйыл Бишкекте өтө турган ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Эгемендүүлүк майрамына карата курулуп жаткан социалдык объектилердин катарында ири курулуштар бар. Өлкө аймактарында жаңы мектептер, бала бакчалар, саламаттык сактоо мекемелери жана спорт комплекстери курулууда. Бул долбоорлор жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган. Мында инфраструктура жаңыланып, ири эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө шарттар түзүлөт.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан учурда жүрүп жаткан ири жана жаңы курулуштардын айрымдарына токтолсок:
- Бишкектеги жалпы курулуш аянты 39 миң чарчы метрди түзгөн заманбап “Ырыс Ордо” конгресс-холлу;
- Бишкектеги 51 миң орундуу "Азаттык Арена" стадиону;
- Талас шаарындагы аянты 17 миң чарчы метрди түзгөн "Баластан" эс алуу борбору;
- Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинде 5 кабаттуу кошумча окуу корпусу;
- - Президентке караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын реконструкциялоо иштери;
- - КР коомдук-саясий документтеринин Борбордук мамлекеттик архиви жана президенттин архивиндеги капиталдык оңдоо иштери.

"Быйыл Эгемендүүлүк майрамы Талас облусунда белгиленери маалым. Ага карата Талас шаарында өлкөдө алгачкылардан болуп "Диснейленд" сыяктуу “Баластан” эс алуу борбору курулууда. Борбордо аттракциондор, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн зоналары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулмакчы. Андан тышкары, 6-7 футбол аянтчалары, 51 миң кишиге ылайыкталган чоң футбол аренасы, конгресс-холл 31-авгутка карата курулуп бүтүшү керек. Ошондой эле аэропорттор жаңыланып курулууда. “Манас” аэропортунда 51 миң чарчы метрде курулуш иштери жүрүүдө”,- деди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 376 социалдык-маданий багыттагы объектилерде курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгын "Кабар" маалымат агенттигине аталган министрликтен билдиришти.
Маалымдалгандай, 376 социалдык объекттин ичинде 223 мектеп, 61 бала бакча, 27 саламаттык сактоо объектиси, 11 маданият, 29 спорт, 14 таза суу менен камсыз кылуу жана 11 башка объекттер бар.
“Курулуш тармагынын темпи 2020-жылга чейин жай болуп, социалдык объектилер ар кандай фонд, түрдүү каржылоо булактарына көз каранды абалда ишке ашырылып келген. 2010-2020-жылга чейин 10 жыл ичинде болгону 100гө жетпеген социалдык объект пайдаланууга берилген. 2021-жылдан 2025-жылга чейин 936 объекттин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул мезгилде мамлекеттин экономикасы түп-тамырынан чыңдалып, өлкө өз алдынча туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, бекем негизде калыптанды”,- деп белгилешти министрликтен.

2021-жылдан 2025-жылга чейинки 5 жыл ичинде 451 мектеп, 141 бала бакча, 59 саламаттык сактоо мекемеси, 24 маданият мекемеси жана 56 спорт объектисинин курулушу бүткөрүлгөн.
Соңку 5 жылдагы курулуштун темпинин өсүшү тууралуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору Болот Чолпонбаев төмөнкүлөрдү белгиледи.
“Эгер 5 жылдык тарыхты артка кылчайып карай турган болсок, курулуштун темпи 6 эсе өстү десек жаңылышпайбыз. Мисалы, 2021-жылы капиталдык салымдардын Турак жай-жарандык курулуш департаментине бөлүнгөн каражаты 2,7 млрд сомду түзгөн. 2025-жылдын жыйынтыгы менен бул сандар 6 эсе өстү. Ошол эле убакта пайдаланууга берилген чарчы метрдин көлөмү 2021-жылы 1 миң 60 чарчы метрди түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 3 миң 500 чарчы метрге жакындаган. Курулуштар негизинен социалдык мекемелерде жүрүүдө”,- деди Чолпонбаев.

Министрликтин 4-мартта өткөн 2025-жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу жыйынында курулуш тармагы өлкөнүн экономикасынын негизги кыймылдаткычтарынын бири экендигин белгиленген. Себеби, 2025-жылы курулуш тармагындагы ички дүң продукциянын көлөмү 2019-жылдагы 58,5 млрд сомго салыштырмалуу 438,5 млрд сомду түзүп, тармак 6 жылда сегиз эсеге өскөн. Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын курулуш тармагындагы өсүшү 2024-жылы 31%дан ашып, бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болгон.

Учурда мамлекеттик экспертиза жана архитектура-курулуш көзөмөлдү күчөтүү, мыйзамсыз курулуш объекттеринин санын азайтуу максатында иштер жүрүүдө. Ага карабастан өлкөдөгү курулуш тармагы ылдам өнүгүп, курулуп жаткан социалдык жана инфраструктуралык объектилердин саны кескин көбөйдү. Бул тенденция мамлекеттин экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошуп, Кыргызстандын туруктуу өнүгүү жолунда баратканын көрсөтүүдө.