Талас Айдарбек уулу финансы министринин биринчи орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор 01 Апрель 2026 16:20
WhatsApp_Image_QryX58H.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
мф-мф.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_QryX58H.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
мф-мф.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Финансы министрлиги

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Талас Айдарбек уулу финансы министринин биринчи орун басары болду.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бүгүн финансы министри Руслан Сүйналиев жаңы орун басарын министрликтин жамаатына тааныштырды.

Өз сөзүндө министр жаңы орун басардын эмгек жолуна токтолуп, анын Бюджеттик саясат башкармалыгындагы үзүрлүү ишмердүүлүгүн, жогорку кесипкөйлүгүн, принципиалдуулугун жана кызматтык жоопкерчилигин өзгөчө белгилеп, ага ийгиликтерди каалады.