"Талант шоу" сынагынын биринчи сезону жыйынтыкталды - жеңүүчүлөр

Маданият 2926 20 Февраль 2025 11:09
480517429_935082748783482_5624581787369683118_n.jpg
480285120_935082212116869_3211626197972841292_n.jpg
480319117_935082552116835_4097496750385696594_n.jpg
480325174_935082758783481_2669248847505468255_n.jpg
480331409_935082615450162_8432371927877685303_n.jpg
480460694_935082268783530_2214202591995414278_n.jpg
480503991_935082498783507_3036606130924738702_n.jpg
480552584_935082342116856_5664708781691600653_n.jpg
480566079_935082265450197_719093022016632848_n.jpg
480572431_935082515450172_9102371137796663029_n.jpg
480574077_935082252116865_1607190841866472771_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Кыргыздын улуттук маданиятын, музыкалык чеберчилигин өнүктүрүү, чыгармачылык жана кесиптик өсүүгө багытталган “Tалант шоу” республикалык конкурсунун 1-сезону ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Сынакты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сунуштаган.

Биринчилерден болуп өткөрүлгөн бул конкурска миңден ашуун аткаруучу катышып, алар Кыргызстандын бардык аймактарынан келишти. Кастингдер өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүп, 3 459 арыздын ичинен миң катышуучу тандалып, өз өнөрүн тартуулашты.

Талаптагыдай тандоо этабынан кийин 100 катышуучу жарым финалга, андан соң 40 аткаруучу финалга өтүү үчүн күрөштү.

Алар тажрыйбалуу адистердин жетекчилиги астында вокал, сахнада өзүн алып жүрүү, хореография жана ораторлук чеберчилик боюнча интенсивдүү мастер-класстардан өтүштү.

Натыйжада 10 жеңүүчү төмөнкү сыйлыктарга ээ болушту:

  • 100 000 сомдук акчалай сыйлык;
  • 3 жылдык продюсердик келишим;
  • ыр жаздыруу жана клип тартуу мүмкүнчүлүгү;
  • Түркияга саякат

“Талант шоунун” 1-сезонунун жеңүүчүлөрү:

  1. Айталиев Абдырахман (Нарын, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУ, 18 жаш).
  2. Абдиллаева Аймээрим (Жалал-Абад, Н.И. Мешков атындагы орто мектеп, 16 жаш).
  3. Алибеков Аливар (Ош, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, 18 жаш).
  4. Бегалиева Сымбат (Бишкек, Балдар чыгармачылык борбору, 29 жаш).
  5. Деркембаев Нурдоолот (Бишкек, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУ, 20 жаш).
  6. Жумаев Ырысбай (Бишкек, УТРК, 31 жаш).
  7. Касеинова Эркеайым (Ысык-Көл, Ы. Туманов атындагы музыкалык окуу жайы, 16 жаш).
  8. Кыялбекова Айзат (Талас, АУЦА, 19 жаш).
  9. Нурбек уулу Эржан (Бишкек, сатуу боюнча менеджер, 25 жаш).
  10. Сапарбаева Амина (Бишкек, №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси, 16 жаш).

Долбоордун уюштуруучулары:

Башкы продюсер: Өмүрбек Андарбеков

Аткаруучу продюсер: Дариха Ибраимова

“Талант шоу” Кыргызстандын музыкалык искусствосун өнүктүрүү боюнча өз миссиясын улантып, таланттуу жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача бермекчи.