Сузактык делегат чек арадагы айылдардын социалдык көйгөйлөрүн тизмектеди

Элдик курултай Загрузка... 25 Декабрь 2025 19:00
WhatsApp Image 2025-12-25 at 18.58.13.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Жаш муундун дүйнөнү башка элдин тили менен таанып жаткандыгы өкүндүрөт. Мындай ойду IV Элдик курултай учурунда Сузак районунан келген делегат Залкарбек Макамбаев билдирди.

“Кара-Дарыя айылыбыз Өзбекстан менен чектешкен жерде жайгашкандыктан, бизде улуттук телеберүүлөр жеткиликтүү эмес. Кошуна өлкөнүн телеберүүлөрү басымдуулук кылган үчүн жаш муундун дүйнөнү башка элдин тили менен таанып келе жаткандыгы бизди абдан өкүндүрөт.

Ошондой эле, чек арага жакын жашаган айылдарда уюлдук операторлор иштебей калып, алар коңшу өлкөнүн роуминг системасынан пайдаланып, ички байланыш үзүлүп калган учурлар көп катталууда.

Биздин айылга телеберүүлөрдү таркатуучу станция жана уюлдук операторлордун антеналарын орнотуп берүүнү суранабыз.

Экинчи маселе - 18 миң калкы бар айылыбызда маданият үйү жок маданий иш-чаралар мектептин залында өткөрүлүп келет. Эски маданият үйүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү 2026-жылдын планына киргизип берүүңүздү суранабыз.

Ошондой эле бизде дамба куруу маселеси бар. Анын чыгымы өтө көп болгондуктан, бюджеттүү кылып куруунун долбоорун иштеп чыкканбыз. Ушул маселени мамлекеттик деңгээлде чечип берсеңиздер, 600 гектар айыл чарба багытындагы жер кошулуп, сугат жер ишке кирип, 170 түтүн үйдүн коопсуздугу сакталып, чек арага зым тартуу иши дагы аяктамак”,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултайдин биринчи күнү өттү. Ага 231 айыл аймактан жана 33 шаардан шайланган жалпы 700 делегат катышты. Курултай эртең дагы уланмакчы.