Сузактагы кыш заводуна абаны булгаганы үчүн айып салынды

Аймак
Сузактагы кыш заводуна абаны булгаганы үчүн айып салынды
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Сузак районундагы Сасык-Булак айылында жайгашкан кыш чыгаруучу ишкана атмосфералык абаны коргоо талаптарын бузганы үчүн 28 миң сом айыпка жыгылды.

Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришкендей, текшерүү учурунда ишкананын мештеринин морлоруна чаң-газ тазалоочу жабдуулар орнотулбаганы аныкталган.

Сузактагы кыш заводуна абаны булгаганы үчүн айып салынды

Аталган мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, ишканага төрт пункттан турган эскертме берилди. Кемчиликтерди жоюу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди.