Баткендеги кыш заводунда лабораториялык текшерүү жүргүзүлдү

Аймак 15 сентябрь 2026 16:45
Баткендеги кыш заводунда лабораториялык текшерүү жүргүзүлдү
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Баткенде кыш заводунун курулуш аянтында топурактын сапаты текшерилди.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Айдаркен шаарында курулуп жаткан кыш заводунун курулуш аянтында топурактын сапатына текшерүү жүргүзүштү.

Анда топурактын тыгыздыгын аныктоо жана лабораториялык изилдөө жүргүзүү үчүн үлгүлөр алынды.

Анын негизинде алынган жыйынтыктар топурактын физикалык-механикалык касиеттерин баалоого жана анын белгиленген талаптарга шайкештигин кароого мүмкүндүк берет.